# 18-берене. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүү жана көрктөндүрүү

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 18-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-18

---

1. Көрүстөндөрдү талаптагыдай абалда карап-күтүү жана аларды көрктөндүрүү боюнча милдет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Көрүстөндөрдү көрктөндүрүү ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун, диний уюмдардын, коомдук фонддордун күчү менен жана кайрымдуулук курмандыктарынын эсебинен дагы жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Сөөк коюлуучу жайлар тосулушу, кайтарылышы, суу, керектүү имараттар жана инвентарлар, ошондой эле ага кирүүчү жол менен камсыз болушу керек.

3. Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат.

4. Жооптуу адамдар көрүстөндөрдү карап-күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик тартышат.

Сөөк коюлуучу жайларды кордоо же жок кылуу (вандализм) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-19)
