# 17-берене. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо жана бөлүү

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 17-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-17

---

1. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо курулуштарды жөнгө салуунун башкы пландарына жана схемаларына, шаар куруу документтерине, жердин гидрогеологиялык мүнөздөмөлөрүн, рельефинин өзгөчөлүктөрүн, топурагынын курамын, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө чектеги жол берилүүчү экологиялык жүктөмдү эске алуу менен калктуу конуштарды жана аймактарды куруу эрежелерине ылайык, ошондой эле санитардык ченемдерге жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык жүзөгө ашырылат жана сөөк коюлуучу жайдын аныкталбаган узак мөөнөткө иштешин камсыз кылуусу керек.

2. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизалардын корутундулары жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусу болгон учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан маданият чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Көрүстөн үчүн жер участоктору түздөн-түз кайрак жана сугарылбаган жерлерден бөлүнүшү керек.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген шаарларда баардык конфессиянын өкүлдөрү үчүн көмүүгө атайын жер болуусу милдеттүү.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-18)
