Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-берене. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо жана бөлүү
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 3-глава
1. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо курулуштарды жөнгө салуунун башкы пландарына жана схемаларына, шаар куруу документтерине, жердин гидрогеологиялык мүнөздөмөлөрүн, рельефинин өзгөчөлүктөрүн, топурагынын курамын, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө чектеги жол берилүүчү экологиялык жүктөмдү эске алуу менен калктуу конуштарды жана аймактарды куруу эрежелерине ылайык, ошондой эле санитардык ченемдерге жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык жүзөгө ашырылат жана сөөк коюлуучу жайдын аныкталбаган узак мөөнөткө иштешин камсыз кылуусу керек.
2. Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизалардын корутундулары жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусу болгон учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан маданият чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Көрүстөн үчүн жер участоктору түздөн-түз кайрак жана сугарылбаган жерлерден бөлүнүшү керек.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген шаарларда баардык конфессиянын өкүлдөрү үчүн көмүүгө атайын жер болуусу милдеттүү.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө НУСКАМАИнструкция · 14.02.2025 · № 67
- Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-октябры № 41 "Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.10.2025 · № 41
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002783/st-17" title="17-берене - Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>