# 13-берене. Жубайы, жакын туугандары болбогон каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн, таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү жана биологиялык объекттерди жайга коюу

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049564)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783#diff=4298..57003>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 13-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-13

---

1. Жубайы, жакын туугандары, башка туугандары же болбосо сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак жок болгон учурда, каза болгон адамдын өздүгү ички иштер органдары тарабынан аныкталгандан кийин анын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө өздүгү аныкталбаган каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мөөнөттө ички иштер органдары тарабынан өздүгү аныкталбаган маркумдардын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү, адамдын боюнан алдырылган же ɵлүү тɵрɵлгɵн түйүлдүктɵрдү кɵмүү, көрсөтүлгөн органдардын макулдугу менен маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрүстөндөрдүн мындай учурлар үчүн аныкталган участокторунда жерге берүү жолу менен гана жүзɵгɵ ашырылат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маркумдардын сөөгүн жайга коюуда маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө;

2) денени кепинге ороо (кийинтүү);

3) каза болгон адамды көрүстөнгө ташып баруу;

4) сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү).

4. Белгиленген кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-14)
