# 12-берене. Каза болгон аскер кызматчыларынын сөөгүн жайга коюу

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 12-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-12

---

1. Аскер кызматчысынын статусуна ээ болгон, аскер кызматын өтөөдө (аскердик жыйындарда, кызматта) курман болгон же тынчтык мезгилинде жабыркоонун (жаракат алуунун, травманын, контузиянын), оорунун кесепетинен каза болгон адамдардын сөөгүн жайга коюу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Каза болгон аскер кызматчыларынын сөөгүн жайга коюуга чыгашалардын ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Маркумдун сөөгүн жайга коюуга керектүү документтерди тариздөөгө, расымдык буюмдарды сатып алууга, сөөктү жайга коюу ырым-жырымын жүзөгө ашырууга чыгашаларды төлөө каза болгон адам аскердик кызматын (аскердик жыйындарды, кызматтарды) өтөгөн министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-13)
