# 10-берене. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмеги

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049564)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783#diff=4298..57003>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 10-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайына, жакын туугандарына же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жакка сөөктү жайга коюу боюнча төмөнкүдөй тизмектеги кызматтар көрсөтүлөт:

1) сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө;

2) сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон капкактуу табытты, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү;

3) сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү).

2. Көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан белгиленүүчү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.

3. Сөөктү жайга коюу боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кызмат көрсөтүүлөр маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрсөтүлөт.

4. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине ылайык көрсөтүлүүчү кызматтардын наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-11)
