# 1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 1-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-1

---

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, сөөктү жайга коюуну каза болгон адамдын тирүү кезинде билдирген керээзине ылайык жана туугандарынын каалоосун эске алуу менен жүзөгө ашыруудагы кепилдиктерди, сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү жайга коюуга жөлөкпул төлөөнү, ошондой эле сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды, Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-2)
