# Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 10-январындагы № 53 "Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 10-январындагы № 53 "Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24269/edition/4264/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 10-январындагы № 53 "Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому (10.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002770

---

Түп районунун Балбай айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ

Балбай айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы 2024-жылдын 10-январы № 53

Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлу №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 4-пунктуна, ошондой эле 2009-жылдын 20-июлу №241” Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнундө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1п. ылайык Балбай айылдык Кеӊешинин XXVIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана чыгарылсын.

2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Балбай айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

Төрага Т.Т.Омуралиев
