2-берене. Кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жана тартиби
Күчүндө · 31.12.2008 редакциясы
1. Кайра түзүмдөштүрүүгө "Электр станциялары" ААКнын жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКнын салыктык, бажылык төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна карата кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан, жалпы суммасы 3269,8 млн. сом өлчөмүндөгү береселери жатат.
2. "Электр станциялары" ААКнын жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКнын негизги карыздар боюнча береселерин төлөп берүү жылдар боюнча бирдей бөлүштүрүү жана жылына 2 пайыз кошуп эсептөө менен 10 жылдык мөөнөткө узартылат. Негизги карыздар боюнча бересени төлөө ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып үч жыл өткөндөн кийин жүргүзүлө баштайт.
3. "Электр станциялары" ААК боюнча бересени кайра түзүмдөштүрүүнүн тартиби:
1) кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча береселер эсептен чыгарылууга жатат:
- салыктар боюнча - 587,4 млн. сом;
- бажылык төлөмдөр боюнча - 55,2 млн. сом;
- кредиттер боюнча - 150,4 млн. сом.
2) негизги карыз боюнча бересени төлөө мөөнөтү ушул берененин 2-пунктунда аныкталган тартипте узартылууга жатат:
- салыктар - 824,2 млн. сом суммасында;
- бажылык төлөмдөр - 563,5 млн. сом суммасында.
4. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсы боюнча бересени кайра түзүмдөштүрүүнүн тартиби:
1) кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык санкциялар боюпча береселер эсептен чыгарылууга жатат:
- салыктар боюнча - 475,7 млн. сом;
- кредиттер боюнча - 119,5 млн. сом.
2) негизги карыз боюнча бересени төлөө мөөнөтү ушул берененин 2-пунктунда аныкталган тартипте узартылууга жатат:
- салыктар - 493,9 млн. сом суммасында.
5. Электр энергиясы үчүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн электр энергиясын керектөөчүлөргө кошуп эсептелген туум боюнча 2008-жылдын 1-декабрына карата чогулган береселер электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан эсептен чыгарылууга жатат.
6. Негизги карыз боюнча бересени төлөөнүн мөөнөтү бузулган учурда ар бир өтүп кеткен күн үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өтүп кеткен мөөнөткө карата колдонулуучу эсептик ставкасына барабар болгон ставка колдонулат.
7. Негизги берүүчүлөр кайра уюштурулган учурда негизги салыктар боюнча береселерди төлөп берүү жагындагы салыктык милдеттенмелер алардын укуктук мураскерлери тарабынан аткарылат.
Берененин тексти 31.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002749/st-2" title="2-берене - Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан береселерин кайра түзүмдөштүрүү, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан эсептелген туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>