# 1-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан береселерин кайра түзүмдөштүрүү, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан эсептелген туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002749)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабры № 281 "Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан береселерин кайра түзүмдөштүрүү, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан эсептелген туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 281
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002749/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5310/edition/4229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002749/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан береселерин кайра түзүмдөштүрүү, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан эсептелген туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө, 1-берене (31.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002749/st-1

---

1. Бул Мыйзамдын жоболорунун колдонулушу электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнө, салык, бажы органдарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө таркатылат.

2. Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

негизги берүүчүлөр - "Электр станциялары" ачык акционердик коому (мындан ары - "Электр станциялары" ААК) жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК); карыздарды кайра түзүмдөштүрүү - "Электр станциялары" ААК жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК үчүн бересенин төлөө мөөнөттөрүн узартуу жана аны эсептен чыгаруу; пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык санкциялар - Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстерине ылайык салыктарды, жыйымдарды жана бажылык төлөмдөрдү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен түзүлгөн карыздык милдеттенмелердин шарттарына ылайык кредиттерди белгиленген мөөнөт ичинде өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген суммалар; электр бөлүштүрүүчү компаниялар - "Түндүкэлектр" ААК, "Ошэлектр" ААК, "Чыгышэлектр" ААК жана "Жалалабатэлектр" ААК; электр энергиясын керектөөчүлөр - электр энергиясын керектеген жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдар жана мекемелер, ошондой эле иш-аракети калктын таза суу боюнча турмуш-тиричиликтик жана башка муктаждыктарын канааттандырууга багытталган юридикалык жактар; кошуп эсептелген туум боюнча бересе - 2008-жылдын 1-декабрына карата электр энергиясы үчүн өз убагында акы төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан кошуп эсептелген туумдар боюнча береселер; негизги карыз боюнча береселер - эсептелген салыктык жана бажылык төлөмдөр боюнча береселер.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002749/st-2)
