Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-09-14.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 217-п буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-ж.04-мартындагы № 1-п Буйругу менен бекитилген | |||||||
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси | |||||||
| № | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
| 1. | КР ТИМдин консулдук департаментинин жана КР ТИМнин ОЖБ облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтар: - КР визаларын тариздөө жана берүү; - КР визасын узартуу; -документтерди консулдук мыйзамдаштыруу (легализация); - КР жарандарын консулдук каттоодон чыгаруу; -КРдин жарандары тарабынан виза алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө КРдин ТИМнин ноталарын тариздөө. | Арыздарды кабыл алууда, материалдарды тариздөөдө. Кызматкерлер менен түздөн-түз байланышта болуу | Кырдаалдык | Төмөн | Консулдук департамент жана КРдин ТИМнин ОЖБ облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | Консулдук департаменттин жана КРдин ТИМнин ОЖБ облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери | жок |
| 2. | КРдин ТИМнин ДА кабыл алуу кампаниясын уюштуруу | Студенттердин катарына киргизүү үчүн тандоо турларына катышуу үчүн абитуриенттерден арыздарды кабыл алууда | Кырдаалдык | Төмөн | К.Дикамбаев атындагы КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясы | Комиссиянын мүчөлөрү (комиссиянын курамы 1 жылга бекитилет) | жок |
| 3. | Академиянын программаларынын айрым дисциплиналары боюнча студенттерден окутуунун натыйжалары боюнча бааларды жогорулатуу /төмөндөтүү | "Учурдагы көзөмөл", "аралык көзөмөл" жана "жыйынтыктоочу аттестация"категориялары боюнча студенттерге балл коюуда бааларды жогорулатуу | Кырдаалдык | Төмөн | К.Дикамбаев атындагы КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясы | КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясынын профессордук-окутуучулук кафедраларынын курамы | жок |
| 4. | Мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу | Жол берилгис кызыкчылыктардын кагылышуусу: сатып алуу процессине катышкан адамдар айрым сатуучуларга карата жеке же каржылык кызыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн, бул бир тараптуу чечим кабыл алууга алып келиши мүмкүн. | Кырдаалдык | Төмөн | К.Дикамбаев атындагы КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясы | КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясынын Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү | жок |
| 5. | Товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүштүрүү (ТМБ) | ТМБты түзүмдүк бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүүдө | Кырдаалдык | Төмөн | КРдин ТИМнин Административдик бөлүмү | АБ кызматкерлери | жок |
| 6. | Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйгарым укуктуу органга, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органга же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнө тандоо боюнча иштерди уюштуруу | Жумушка кабыл алууда КР жарандарынан документтерди кабыл алуу | Кырдаалдык | Төмөн | Кадр саясаты бөлүмү | Кадр саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери | жок |
| 7. | Дипломатиялык кызматтын кадрлар резервине киргизүү боюнча ишти уюштуруу | Комиссиянын мүчөлөрүнүн чечим кабыл алууда өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануусу жана конкурсантка же кызматкерге карата бир жактуу мамилеси | Кырдаалдык | Төмөн | Кадр саясаты бөлүмү | Кадр саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери | жок |
| 8. | Дипломатиялык кызматтарга дайындоо, дипломатиялык кызматты өтөө | Кызматтык (эмгектик) ыйгарым укуктардан ашкан же ага тиешеси жок тескөөчү мүнөздөгү аракеттер | Кырдаалдык | Төмөн | Кадр саясаты бөлүмү | Кадр саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери | жок |
| 9. | Кадрлар менен иштөө | Кызматкерлерди жетишсиз окутуу жана карьерасын пландоо. Узак мөөнөттүү чет өлкөгө иш сапарларга жиберилүүчү кызматкерлердин кесиптик компетентсиздиги | Кырдаалдык | Төмөн | Кадр саясаты бөлүмү | Кадр саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери | жок |
| 10. | Бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөө | Финансылык каражаттарды бөлүштүрүүдө өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу | Кырдаалдык | Төмөн | Валюта-финансы департаменти | ВФД кызматкерлери | жок |
| 11. | КРдин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтар | Арыздарды кабыл алууда, материалдарды тариздөөдө. Кызматкерлер менен түздөн-түз байланышта болуу. | Кырдаалдык | Төмөн | КРдин чет өлкөлүк мекемелери | КРдин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери | жок |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 04-мартындагы № 1-п "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын…Приказ · 04.03.2024 · № 1-п · Күчүн жоготкон