# 7-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү тыюу салуучу чаралар

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 7-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-7

---

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) тиешелүү укугу, лицензиясы жана (же) уруксаты жок аларды жүгүртүү (анын ичинде иштеп чыгуу) боюнча иш-аракеттерге;

2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү уруксат берүүчү документтеринин негизинде алардын үлгүлөрүн жөнөткөндөн башка учурларда, аларды почта, анын ичинде эл аралык жөнөтүүлөр аркылуу жөнөтүүгө;

3) жарнамага.

2. IV тизмеге киргизилген баңгизат каражаттар, I тизмеге киргизилген психотроптук заттар, баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдору, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдер медициналык жана ветеринардык максатта колдонууга тыюу салынат жана дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын мамлекеттик реестрине киргизилбейт.

3. Мыйзамдуу жүгүртүүдөгү препараттарга карата аларда камтылган баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга жана алардын аналогдоруна карата ошол эле чаралар колдонулат. Эгерде препарат Тизмекке киргизилген эки же андан ашык затты камтыса, ага карата кыйла катуу контролдонууга тийиш болгон зат үчүн белгиленген контролдоо чаралары колдонулат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-8)
