7-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү тыюу салуучу чаралар
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · 3-глава
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тиешелүү укугу, лицензиясы жана (же) уруксаты жок аларды жүгүртүү (анын ичинде иштеп чыгуу) боюнча иш-аракеттерге;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү уруксат берүүчү документтеринин негизинде алардын үлгүлөрүн жөнөткөндөн башка учурларда, аларды почта, анын ичинде эл аралык жөнөтүүлөр аркылуу жөнөтүүгө;
3) жарнамага.
2. IV тизмеге киргизилген баңгизат каражаттар, I тизмеге киргизилген психотроптук заттар, баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдору, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдер медициналык жана ветеринардык максатта колдонууга тыюу салынат жана дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын мамлекеттик реестрине киргизилбейт.
3. Мыйзамдуу жүгүртүүдөгү препараттарга карата аларда камтылган баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга жана алардын аналогдоруна карата ошол эле чаралар колдонулат. Эгерде препарат Тизмекке киргизилген эки же андан ашык затты камтыса, ага карата кыйла катуу контролдонууга тийиш болгон зат үчүн белгиленген контролдоо чаралары колдонулат.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002580/st-7" title="7-берене - Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>