# 6-берене. Заттарды баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга, алардын аналогдоруна жана прекурсорлоруна, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерге киргизүүнүн критерийлери

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 6-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-6

---

Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмегин даярдоодо жана бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкү критерийлерди жетекчиликке алат:

1) баңгизат каражаттарына жана психотроптук заттарга киргизүү:

а) синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон зат социалдык маанилүү масштабдарда психикалык жана жүрүм-турумдук бузулууларга алып келет;

б) зат 1961-жылдагы Баңгизат каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын же 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдердин тизмелерине киргизилген;

2) баңгизат каражаттарынын .жана психотроптук заттардын аналогдоруна киргизүү:

а) синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон зат социалдык маанилүү масштабдарда психикалык жана жүрүм-турумдук бузулууларга алып келет;

б) синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон зат өзүнүн химиялык түзүмү боюнча баңгизат каражатынын же психотроптук заттын аналогу болуп саналат жана (же) анын психоактивдүү таасирин кайра пайда кылат;

3) баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды прекурсорлорго киргизүү:

а) зат көбүнчө баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоодо пайдаланылат;

б) зат 1988-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө Конвенциясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдердин таблицаларына киргизилген;

4) прекурсорлордун тизмесине киргизилбеген, бирок чектелген контролдонууга тийиш болгон заттарды тизмекке киргизүү:

а) зат баңгизат каражаттарынын же психотроптук заттардын прекурсорго чейинки же прекурсорлорун алмаштыруучу болуп саналат;

б) Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитеттин сунуштамаларын аткаруу;

5) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган жандуу организмдерге киргизүү:

а) жандуу организм бир же бир нече баңгизат каражатын, психотроптук затты, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыйт;

б) жандуу организм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин тизмелерине киргизилген.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-7)
