# 32-берене. Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин мыйзамсыз керектелүүсү же сатылуусу үчүн жарандар массалык түрдө жүрүүчү объекттерди пайдалануу

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 32-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-32

---

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди пайдаланууга, жарнамалоого, керектөөгө же сатылууга, уюмдун, мекеменин же ишкананын аймагында жайгашкан коомдук жайда жасалган системалуу түрдө мыйзамсыз чакыруу фактылары аныкталган жана алардын менчик ээси тарабынан каршы аракеттенүүнүн зарыл чаралары көрүлбөгөн учурда, ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарынын сунуштамасынын негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мындай уюмдун, мекеменин же ишкананын ишин - үч айга чейинки мөөнөткө, календардык жылдын ичинде мындай фактылар кайталап аныкталган учурда- алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтотуу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

2. Эгерде 1-бөлүктө көрсөтүлгөн чаралар колдонулгандан кийин уюмдун, мекеменин же ишкананын аймагы баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын аналогдорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин керектелүүсү, же болбосо сатылуусу үчүн пайдаланыла берсе, анда тиешелүү укук коргоо органынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы юридикалык жакты жоюу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-33)
