Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин мыйзамсыз керектелүүсү же сатылуусу үчүн жарандар массалык түрдө жүрүүчү объекттерди пайдалануу
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · 6-глава
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди пайдаланууга, жарнамалоого, керектөөгө же сатылууга, уюмдун, мекеменин же ишкананын аймагында жайгашкан коомдук жайда жасалган системалуу түрдө мыйзамсыз чакыруу фактылары аныкталган жана алардын менчик ээси тарабынан каршы аракеттенүүнүн зарыл чаралары көрүлбөгөн учурда, ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарынын сунуштамасынын негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мындай уюмдун, мекеменин же ишкананын ишин - үч айга чейинки мөөнөткө, календардык жылдын ичинде мындай фактылар кайталап аныкталган учурда- алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтотуу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
2. Эгерде 1-бөлүктө көрсөтүлгөн чаралар колдонулгандан кийин уюмдун, мекеменин же ишкананын аймагы баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын аналогдорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин керектелүүсү, же болбосо сатылуусу үчүн пайдаланыла берсе, анда тиешелүү укук коргоо органынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы юридикалык жакты жоюу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002580/st-32" title="32-берене - Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>