# 3-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 3-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-3

---

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынанегизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эрежелерин (ченемдерин) сактабоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинежана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык куугунтукталат.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын жүгүртүүгө да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-4)
