# 24-берене. Жеке жактарга рецепт менен берилүүчү баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттары

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 24-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-24

---

1. Жеке жактар баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын рецепт менен дарыканалардан (интернет-дарыканалардан тышкары) сатып алууга укуктуу.

2. Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын белгиленген тартипте алууга болгон жеке жактын укугу дарылоочу врач тарабынан аныкталуучу көлөмдө жана ассортиментте чектелиши мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) жеке жактарга баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын сатып алууга рецепт жазып берүү эрежелерин;

2) жеке жактарга баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын берүү жана сатуу тартибин;

3) баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын сатып алуу укугуна рецепттерди эсепке алуу формаларын;

4) рецепт боюнча берүү отчеттуулугунун формаларын.

4. Ушул Мыйзамдагы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген эрежелерди сактабастан жазып берилген рецепт жараксыз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-25)
