# 23-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун медициналык максатта пайдалануу

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 23-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-23

---

1. Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган баңгизат каражаттары жана психотроптук заттар, ошондой эле алардын прекурсорлору менчиктин бардык түрүндөгү, деңгээлиндеги жана формаларындагы саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө пайдаланылышы мүмкүн.

2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун медициналык максатта пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун адамдарга колдонуу жөнүндө чечимди врач кабыл алат, ал эми өзгөчө же согуштук абал, өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда, врачтын кабыл алуусу бар саламаттык сактоо уюмдарынан кыйла алыс жайгашкан шарттарда кечиктирилгис медициналык тез жардам же болбосо алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө - өз компетенциясынын чегинде медициналык орто билими бар адистер чечим кабыл алат.

Врачтын кабыл алуусу бар саламаттык сактоо уюмдарынан кыйла алыс турган түзүмдүк бөлүмдөрдүн тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-24)
