Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун медициналык максатта пайдалануу
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · 4-глава
1. Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган баңгизат каражаттары жана психотроптук заттар, ошондой эле алардын прекурсорлору менчиктин бардык түрүндөгү, деңгээлиндеги жана формаларындагы саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө пайдаланылышы мүмкүн.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун медициналык максатта пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун адамдарга колдонуу жөнүндө чечимди врач кабыл алат, ал эми өзгөчө же согуштук абал, өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда, врачтын кабыл алуусу бар саламаттык сактоо уюмдарынан кыйла алыс жайгашкан шарттарда кечиктирилгис медициналык тез жардам же болбосо алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө - өз компетенциясынын чегинде медициналык орто билими бар адистер чечим кабыл алат.
Врачтын кабыл алуусу бар саламаттык сактоо уюмдарынан кыйла алыс турган түзүмдүк бөлүмдөрдүн тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002580/st-23" title="23-берене - Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>