# 20-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди ташуу

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 20-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-20

---

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясыз ташуу укугу ыкчам-издөө, контрчалгындоо, кылмыш-жаза процессуалдык иштердин жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга лицензиясыз берилет.

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүу чөйрөсүндөгү ишке лицензиясы бар юридикалык же жеке жактар аларды лицензиясыз (уруксатсыз) ташууга укуктуу.

2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун ташуунун, буга кошуп эл аралык ташуулардын, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-21)
