# 19-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун даярдоо, өндүрүү жана кайра иштетүү

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 19-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-19

---

1. Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды даярдоо жана өндүрүү жеке жана юридикалык жактардын ишканаларында баңгизат каражаттарынын же психотроптук заттардын конкреттүү түрлөрүн өндүрүүгө лицензиясы болгондо мамлекеттик квоталардын чегинде жүзөгө ашырылат.

2. Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлорун даярдоо жана өндүрүү баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлорунун конкреттүү түрлөрүн өндүрүү укугуна лицензиясы болгондо жүзөгө ашырылат.

3. Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору болуп саналбаган заттарды алуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кайра иштетүү баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өндүрүүгө же даярдоого лицензиясы болгондо ишке ашырылат.

Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдорун, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун камтыган тирүү организмдерди кайра иштетүүнүн бардыгына тыюу салынат.

4. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди өндүрүү үчүн жабдууларды даярдоо, пайдалануу жана сатып алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-20)
