Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун даярдоо, өндүрүү жана кайра иштетүү
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · 4-глава
1. Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды даярдоо жана өндүрүү жеке жана юридикалык жактардын ишканаларында баңгизат каражаттарынын же психотроптук заттардын конкреттүү түрлөрүн өндүрүүгө лицензиясы болгондо мамлекеттик квоталардын чегинде жүзөгө ашырылат.
2. Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлорун даярдоо жана өндүрүү баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлорунун конкреттүү түрлөрүн өндүрүү укугуна лицензиясы болгондо жүзөгө ашырылат.
3. Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору болуп саналбаган заттарды алуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кайра иштетүү баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өндүрүүгө же даярдоого лицензиясы болгондо ишке ашырылат.
Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдорун, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун камтыган тирүү организмдерди кайра иштетүүнүн бардыгына тыюу салынат.
4. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди өндүрүү үчүн жабдууларды даярдоо, пайдалануу жана сатып алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002580/st-19" title="19-берене - Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>