# 18-берене. Ээси жок, ыргытылган, жоголгон (табылган) же мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди иштетүүгө карата жеке жана юридикалык жактардын аларга таандык укуктарын жүзөгө ашыруудан баш тартуусу

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 18-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-18

---

1. Жеке жана юридикалык жактардын баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга, алардын аналогдоруна жана прекурсорлоруна, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерге болгон укуктарын жүзөгө ашыруудан баш тартуусу, бул заттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ички иштер же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берилген учурда гана ушул укуктардын токтотулушуна алып келет.

2. Ээси жок, ыргытылган, жоголгон (табылган), же болбосо мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте андан ары мыйзамдуу жүгүртүүдө пайдаланылууга же жок кылынууга тийиш.

3. I (IV тизмеге киргизилүүгө тийиш болгон баңгизат каражаттарын кошпогондо) жана II тизмелерге киргизилген баңгизат каражаттары, II жана III тизмеге киргизилген психотроптук заттар, ошондой эле баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору мыйзамдуу жүгүртүүдө пайдаланылышы мүмкүн, эгерде:

1) алар калыбына келтирүү же кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу даражада химиялык же физикалык таасирге кабылбаса;

2) алардын жарактуулук мөөнөтү бүтпөгөн болсо;

3) алар илимий, медициналык, ветеринардык же башка баалуулуктарга ээ болсо;

4) кайра иштетилиши мүмкүн болсо.

4. Ыкчам издөө, контрчалгындоо, кылмыш-жаза процессуалдык жана соттук-эксперттик иштин жүрүшүндө өткөрүлүүчү иш-чараларды кошпогондо, төмөнкүлөрдү мыйзамдуу жүгүртүүдө андан ары пайдаланууга болбойт:

1) IV тизмеге киргизилген баңгизат каражаттарын;

2) I тизмеге киргизилген психотроптук заттарды;

3) баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдорун;

4) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдерди.

5. Ээси жок, ыргытылган, жоголгон (табылган) же мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүдө пайдалануу же жок кылуу жөнүндө кабыл алынган чечимдин ар бир өзүнчө учурунда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте билдирилет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-19)
