17-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо режими
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · 3-глава
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Тизмектеги ар бир тизме боюнча белгиленет.
2. Контролдоо режиминин түрлөрү:
1) жүгүртүүгө тыюу салуу;
2) өзгөчө контролдоо;
3) жалпы контролдоо;
4) контролдоонун айрым чараларынан бошотуу.
3. Контролдоо режимин белгилөөдө мыйзамдуу жүгүртүү үчүн билдирилген баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын өлчөмдөрү же болбосо баңгизат каражаттарынын прекурсорлорунун жана психотроптук заттардын өлчөмдөрү жана концентрациясы да эске алынат.
4. 2-таблицага киргизилген баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлоруна караганда, 1-таблицага киргизилген баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору кыйла катуу контролдонууга тийиш.
5. Прекурсорлордун таблицасына киргизилбеген, бирок чектелген контролдоого тийиш болгон заттарга беш жыл ичиндеги жазууларды сактоо менен предметтик-сандык эсепке алуудан тышкары, башка контролдоо чаралары көрүлүүгө тийиш эмес.
6. Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлоруна караганда, баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын аналогдору кыйла катуу контролдонууга тийиш.
7. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун 1961-жылдагы Баңгизат каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдагы БУУнун Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясынын тизмелеринде каралгандан контролдоо азыраак белгиленген башка тизмелерге киргизүүгө тыюу салынат.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002580/st-17" title="17-берене - Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>