# 16-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди пайдалануу

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 16-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-16

---

1. Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдер ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдө пайдаланылышы мүмкүн:

1) медициналык жана ветеринардык максаттарда;

2) окутуу ишин камсыз кылуу жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн, анын ичинде илимий коллекцияларда;

3) адистештирилген кинологиялык борборлордо окуу процессин камсыз кылуу үчүн;

4) ыкчам издөө же контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө;

5) тергөө аракеттерин, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө, ошондой эле тиешелүү соттук экспертизалардын өндүрүшүндө;

6) баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын каттоо процессинде;

7) дары каражаттарын өндүрүүдө;

8) өндүрүштүк максаттарда.

2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди пайдалануу тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-17)
