# 15-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин мамлекеттик реестри

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 15-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-15

---

1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте төмөнкүлөрдүн реестрлери (маалыматтар базасы) түзүлөт жана жүргүзүлөт:

1) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин;

2) лицензиялардын жана уруксаттардын.

2. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

3. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлеринин бир катар маалыматтарына жеткиликтүү болуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте чектелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-16)
