# 14-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү эсепке алуу жана инвентаризациялоо

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 14-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-14

---

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнүн субъекттери алардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды чогултууну, каттоону жана жалпылоону жүзөгө ашырууга, квартал сайын инвентаризациялоону жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Тизмекте көрсөтүлгөн заттардын белгилүү бир датага карата эсепке алуу маалыматтары менен иш жүзүндөгү айырмачылыгы болгон учурда, инвентаризациялоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мөөнөттө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө маалымдалат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-15)
