# 10-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү субъекттери

- Документ: [Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5307/edition/3961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002580/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө, 10-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-10

---

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Ортомчулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин атынан жана алардын тапшырмасы боюнча (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды кошпогондо) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишке көмөк көрсөтүүчү иш-аракеттерди жасоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580/st-11)
