# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-мартындагы № 91-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна административдик имарат сатып алууга уруксат берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-мартындагы № 91-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна административдик имарат сатып алууга уруксат берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 91-р
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19110/edition/3826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002455.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-мартындагы № 91-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна административдик имарат сатып алууга уруксат берүү тууралуу) тескемеси (11.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002455

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 11-марты, № 91-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонд" мекемесинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонд" мекемеси үчүн административдик имарат сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду административдик имаратты сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
