# 9-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=3727..15861>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 9-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-9

---

1. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу;

2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүдө коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу;

3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

4) мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүү маселелери боюнча менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;

5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) коомдун саламаттыгын сактоонун жана калк үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн инфратүзүмдүк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн инженердик, коммуналдык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү түзүү жана өнүктүрүү;

7) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына акысыз негизде муниципалдык менчикти берүү;

8) сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калк арасында оорулардын тобокелдик факторлорун азайтуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, жугуштуу оорулардын өзгөчө кооптуу түрлөрү жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

9) алгачкы медициналык-санитардык жардамды, санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды жана вакцинациялоону уюштуруу маселелери боюнча калк арасында маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин өткөрүү;

10) ыкчам биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы кырдаал жөнүндө маалымдоо;

11) коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

2. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүнү жана өнүктүрүүнү уюштуруу;

2) тиешелүү аймакта сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, калкты санитардык-гигиеналык агартуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;

3) санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

4) карантиндик-чектөө чараларынын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Тиешелүү аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара аракеттенүүдө ден соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү, ошондой эле коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ден соолук үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү боюнча адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн инженердик, коммуналдык, телекоммуникациялык инфратүзүмдү жана шарттарды түзөт жана өнүктүрөт.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-10)
