# 84-берене. Иммунопрофилактика чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 84-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-84

---

1. Алдын ала эмдөөлөрдүн жоктугу төмөнкүлөргө алып келет:

1) ЭМСЭге же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык конкреттүү алдын ала эмдөөлөрдү талап кылган өлкөлөргө жарандардын чыгуусуна тыюу салуу;

2) билим берүү уюмдарына жана ден соолукту чыңдоо мекемелерине жарандарды кабыл алуудан убактылуу баш тартуу, массалык жугуштуу оорулар келип чыккан учурда же эпидемия коркунучу болгондо, билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн алууга убактылуу чектөө;

3) тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жугуштуу оорулар менен ооруп калуу тобокелдигине байланышы бар жумуштарга жарандарды кабыл алуудан баш тартуу же андай жумуштардан жарандарды четтетүү;

4) жарандарды ишке кабыл алуудан баш тартуу же аткаруу жугуштуу оорулардын, анын ичинде кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жана калк менен иштөөнүн жогорку тобокелдигине байланышы бар жумуштардан жарандарды четтетүү.

2. Жашы жете элек баланын оорусунун өөчүрүшүнө алып келген алдын ала эмдөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлдөрү тартат.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-85)
