# 82-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 82-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-82

---

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен кызматташуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Эл аралык кызматташуунун алкагында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн макулдашуулар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ушул Мыйзамдын жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жарандардын коопсуз айлана-чөйрөгө, ден соолугун сактоого жана чыңдоого болгон укуктарын чектөөгө тийиш эмес.

3. Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен оорулардын эл аралык таркап кетүүсүнын алдын алуу, алардан сактануу, аларга каршы күрөшүү жана коомдун саламаттыгын сактоо деңгээлинде жооп кайтаруу чараларын көрүү маселелери боюнча кызматташуусу ЭМСЭге ылайык Улуттук координатор аркылуу жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-83)
