# 77-берене. Саламаттык сактоо системасынын каражаттарын пайдалануу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 77-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-77

---

Саламаттык сактоо системасынын каражаттары төмөнкүлөргө колдонулат:

1) калкка коомдун саламаттыгын сактоо кызматтарын көрсөтүүгө;

2) коомдун саламаттыгын өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн башкаруу жана кесепеттерин азайтуу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларга;

3) коомдук мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана карап-күтүүгө;

4) коомдук мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын, анын ичинде чет өлкөлөрдө, кадрларын даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга;

5) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, калктын саламаттыгын чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана кесепеттерин азайтууну башкаруу максатында медициналык жана фармацевтикалык илимди өнүктүрүүгө жана алардын жетишкендиктерин киргизүүгө;

6) жугуштуу оорулардын эпидемияларын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алууга жана жоюуга;

7) профилактикалык жана диагностикалык иш-чараларды өткөрүүгө;

8) коомдун саламаттыгын сактоонун артыкчылыктуу жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана илимий потенциалдын квалификациясын жогорулатууга;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка чыгашаларга.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-78)
