# 76-берене. Коомдук саламаттык сактоону каржылоонун негизги принциптери

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=3727..15861>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 76-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-76

---

Коомдук саламаттык сактоону каржылоонун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) коомдук саламаттык сактоонун көрсөтүлгөн кызматтарын мамлекеттик бюджеттен каржылоо;

2) мамлекеттик, максаттуу жана региондук (вертикалдуу жана горизонталдуу интеграцияланган) программалардын негизинде бюджетти түзүү;

3) бюджеттерди түзүүнүн жана аткаруунун натыйжалуулугунун жана майнаптуулугунун принциби каражаттардын минималдуу көлөмүн тартуу менен алдыдагы мезгилге каралган максаттарга жетүү же тескөөдөгү бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен максималдуу натыйжаларга жетүү зарылчылыгына жараша жүзөгө ашыруу;

4) бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн бюджеттик процесстин катышуучуларынын жоопкерчилигинин принциби бюджеттик процесстин ар бир катышуучусунун өз иши, финансылык маалыматтын аныктыгы жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилигин кароо;

5) атайын эсептердеги каражаттар боюнча кирешелердин сметасын түзүүнүн жана аткаруунун, саламаттык сактоо уюмдарынын сметаларынын чыгымдык милдеттенмелерин жүзөгө ашыруунун, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү тартиби;

6) эл аралык донорлордон жана башка түрдөгү булактардан саламаттык сактоо секторуна түшүүчү бардык ресурстарды бирдиктүү казыналык эсепке чегерүү жана бюджеттин бардык чыгымдарын бирдиктүү казыналык эсептен жүзөгө ашыруу.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-77)
