# 73-берене. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү чаралар

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 73-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-73

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргизилгенде Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар милдеттүү түрдө сактоого жана аткарууга тийиш болгон актыларды чыгарууга, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана контролдоо чараларын көрүүгө укуктуу.

2. Оорулардын эл аралык таркап кетүүсүнын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү, коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ыкчам чараларды көрүү максатында ЭМСЭ Министрлер Кабинети тарабынан регламенттелген тартипте жана шарттарда колдонулат.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-74)
