# 72-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну мамлекеттик контролдоо

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 72-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-72

---

1. Калктын йоддун жетишсиздигинен болуучу ооруларга чалдыгуусунун абалын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоо жана интеллектуалдык потенциалын сактоо максатында йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жана жоюу, ошондой эле йоддолгон тузду колдонууда калктын ооруга чалдыгуу тобокелдигинин даражасына баа берүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагына тамак-аш тузун ташып келүүгө мамлекеттик контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.

3. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралар төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында йоддолгон тузду өндүрүүгө, ташып келүүгө, сатууга жана керектөөгө карата талаптарды камсыз кылуу, сактоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жактардын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жактардын жоопкерчилиги;

2) йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жапа чеккен адамдардын менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында квалификациялуу медициналык жардам алуусунун жалпы жеткиликтүүлүгү;

3) республиканын бүткүл аймагында 5 жылда бир жолудан кем эмес йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын оордугуна баа берүүгө үзгүлтүксүз биологиялык мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;

4) туздун зыяндуу таасиринен ден соолугун жоготкон учурда жарандардын укуктарын коргоо жана тузду өндүрүүчүлөр жана таратуучулар тарабынан ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу;

5) йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын келип чыгуу тобокелдиги жогору болгон ыңгайсыз региондогу адамдарды топтук алдын алуу максатында органикалык эмес йод камтылган препараттарды жана республикалык бюджеттин каражаттарынан тузда йоддун болушун аныктоо үчүн экспресс-тесттерди сатып алууну максаттуу каржылоону камсыз кылуу.

4. Тамак-аш жана тоют муктаждыктары үчүн арналган туз йоддолууга тийиш. Тамак-аш жана тоют тузундагы эркин йоддун сапаты, коопсуздугу, камтылышы, йоддоо методдору жана эркин йоддун камтылышын контролдоо белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.

5. Йоддолгон тузду өндүрүү, йод менен байытуу, йоддон ажыратуу, сактоо жана сатуу белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.

6. Кыргыз Республикасынын аймагында коопсуздугу жана йоддолгону бышыкталбаган тамак-аш жана тоют тузун ташып келүүгө, өндүрүүгө жана жүгүртүүгө жол берилбейт.

7. Йоддолгон тузду жарнамалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

8. Йоддолгон тузду өндүрүүнү, берүүнү, сатууну жана жарнамалоону жүзөгө ашыруучу жеке жактар, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жактар керектөөчүлөргө йоддолгон туздун сапатын жана коопсуздугун, анын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайыктуулугун кепилдөөгө тийиш. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун сатууга жол берилбейт.

9. Мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары өз компетенциясынын чегинде йоддолгон туздун сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контроль жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын жарандары жана коомдук бирикмелер йоддолгон туздун сапатына жана коопсуздугуна коомдук контроль жүргүзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-73)
