# 70-берене. Жугуштуу оорулар менен ооруган адамдарга карата чаралар

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 70-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-70

---

1. Жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын бардык учурлары аныкталган жери боюнча менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө катталууга, Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык санариптик технологиялардын негизинде мамлекеттик эсепке алынууга жана алар боюнча отчет берилүүгө тийиш.

2. Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүүчү жугуштуу оорулардын тизмеги, иликтөө жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Жугуштуу оорулар менен ооругандар, мындай ооруларга шектүү адамдар жана алар менен байланышта болгон адамдар, ошондой эле жугуштуу оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчү болуп саналган адамдар, эгерде алар айланасындагылар үчүн өзгөчө кооптуулукту жаратса, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык милдеттүү түрдө ооруканага жаткырылууга жана/же обочолонууга тийиш.

4. Кургак учуктун микобактериясы биринчи жолу табылган адамдарга карата, аларды кургак учукка каршы уюмда каттоодон тышкары, жугуштуу оору менен ооругандар катары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте чукул билдирүү берилет. Ар бир өлүм учуру болгондо да, каза болгон адам тирүүсүндө кургак учук менен ооругандыгы, бирок каттоодо турбагандыгы өлүктү союуда аныкталганда, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына чукул билдирүү берилет.

5. Коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматы органдарынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери, аларда кургак учук табылган учурда, жугуштуу оору жуккан адамдын жашаган жери боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына маалымдоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-71)
