# 69-берене. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, иликтөөлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор, инфекциялык контролдоо

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 69-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-69

---

1. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, иликтөөлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары тарабынан төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:

1) адамга жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун зыяндуу таасирин белгилөө жана болтурбоо;

2) жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын себептерин жана шарттарын белгилөө жана мындай оорулардын (уулануулардын) келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын кесепеттерине баа берүү.

2. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларды, иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү, сыноолорду өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо чараларын өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-70)
