# 68-берене. Аймакты жугуштуу оорулардын киришинен жана таркап кетүүсүнан санитардык коргоо

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=39976..40248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 68-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-68

---

1. Аймакты санитардык коргоо калктын саламаттыгы үчүн коркунуч келтирүүчү жугуштуу оорулардын киришинин жана таркап кетүүсүнүн алдын алууга багытталат жана Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жана шарттарда калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ЭМСЭге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган жугуштуу (өзгөчө кооптуу) оорулардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролдоо киргизилет.

4. Кооптуу жүктөрдү жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу атайын жабдылган жана ушул максаттар үчүн арналган өткөрүү пункттарында ишке ашырылат. Мындай өткөрүү пункттарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-69)
