# 67-берене. Эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 67-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-67

---

Жугуштуу оорулардын келип чыгышынын алдын алуу жана анын таркап кетүүсүна жол бербөө төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу оорулардын киришинен жана таркап кетүүсүнан санитардык коргоо боюнча иш-чаралар;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүна эпидемиологиялык көзөмөлдү жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдануусуна жооп кайтаруу системасынын ишин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашыруу;

3) жугуштуу оорулар менен ооругандарга карата көрүлүүчү чаралар;

4) эмдөөлөрдүн календары боюнча милдеттүү алдын ала эмдөөлөрдү жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эпидемиологиялык кырдаал болжолдонгондой начарлап кеткенде эмдөөлөрдү жүргүзүү;

5) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;

6) жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик же региондук максаттуу программаларды жана илимий, илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

7) адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ооруларга каршы күрөшүүнүн профилактикалык чараларын жана бирдиктүү көзөмөлдү жүргүзүүдө саламаттык сактоо жана ветеринардык кызматтардын өз ара аракеттенүүсү;

8) табигый-очоктук жана өзгөчө кооптуу оорулардын таркап кетүүсүн болтурбоого багытталган иш-чаралар: туруктуу зоологиялык-эпидемиологиялык мейкиндиктик мониторинг жүргүзүү, жугуштуу оорулардын табигый очокторунун сыртка чыгуусунун алдын алуу, өзгөчө кырдаалдарды жаратууга жөндөмдүү өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын очокторун чектөө жана жоюу - боюнча чараларды көрүү;

9) жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүн токтотууну, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин чектөөнү жана жоюуну камсыз кылуучу зарыл болгон чектөө-карантиндик чараларды көрүү;

10) жугуштуу оорулардын алдын алууга жарандарды социалдык мобилизациялоо.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-68)
