# 65-берене. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароолор

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 65-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-65

---

1. Жугуштуу жана кесиптик оорулардын келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын алдын алуу максатында жумушу тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен байланышкан жана ден соолугу үчүн зыяндуу эмгек шарттары бар жумуштарда иштеген кызматкерлер (ишке кирүүдө) алдын ала жана мезгил-мезгили менен профилактикалык милдеттүү медициналык кароодон Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык өтүүгө милдеттүү.

2. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароодон өтүүгө тийиш болгон кесиптердин тизмеги, текшерүүлөрдүн көлөмү жана милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү, эсепке алуу, отчет берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Кызматкерлердин милдеттүү медициналык кароодон өз убагында өтүүсү жана алардын ишке кирүүсү үчүн жоопкерчилик жумуш берүүчүлөргө жүктөлөт. Милдеттүү медициналык кароолор жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен же тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт. Жумуш берүүчүлөр кызматкерлердин медициналык кароодон өтүүсү үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле жумуш убактысынын мезгилинде жумуш ордун (кызмат ордун), эмгек акысын сактоо менен кызматкерлерди тоскоолдуксуз коё берүүгө милдеттүү.

4. Балдарды жана эрезеге жеткен калктын максаттуу топторун үзгүлтүксүз милдеттүү түрдө профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү, динамикалык байкоо жүргүзүү жана ден соолугун чыңдоо менен, оорулардын келип чыгышынын алдын алууга жана аларды эртелеп диагностикалоого багытталган медициналык жана башка иш-чаралардын комплексин камтыйт. Балдарды жана эрезеге жеткен калктын негизги, максаттуу топторун үзгүлтүксүз милдеттүү түрдө профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароодон өтүүгө тийиш болгон эрезеге жеткен калктын максаттуу жана негизги топтору, ошондой эле аларды жүргүзүү тартиби жана мезгилдүүлүгү, лабораториялык жана функциялык изилдөөлөрдүн көлөмү, медициналык каршы көрсөтүүлөр Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Милдеттүү профилактикалык медициналык кароолордун өз убагында болушу, өткөрүү жана өтүү сапаты Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы тарабынан контролдонот.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-66)
