# 64-берене. Билим берүү уюмдарындагы шарттардын коопсуздугу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=39976..40248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 64-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-64

---

1. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү мектепке чейинки жана башка билим берүү уюмдары балдардын болуусу, окуусу үчүн коопсуз шарттарды, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык алардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылууга тийиш.

Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуусу, окуусу үчүн коопсуз шарттар, ошондой эле минималдуу санитардык талаптарга ылайык алардын тамактануусун уюштуруу камсыз кылынууга тийиш.

2. Балдардын болуусуна, окуусуна коопсуз шарттарды камсыз кылуу жана тамактануусунун уюштуруу жоопкерчилиги билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-65)
