# 63-берене. Эмгек шарттарынын коопсуздугу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=39976..40248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 63-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-63

---

1. Өндүрүштүк жайлардын санитардык-техникалык жана гигиеналык абалы, жумуш орундарын жабдуу, эмгек процессин уюштуруу адамдын ден соолугуна зыяндуу таасирин тийгизбөөгө жана эмгек мыйзамдарына, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге, минималдуу санитардык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

2. Иондоштуруучу нурлануу булактары, физикалык, химиялык жана биологиялык факторлор менен иштөөдө эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан уюмдардагы жумуш берүүчүгө жүктөлөт.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-64)
