# 60-берене. Аба чөйрөсүнүн коопсуздугу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=39976..40248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 60-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-60

---

1. Өндүрүштүк орун жайлардын жана өнөр жай аянттарынын, турак жай жана коомдук имараттардын жумушчу зоналарынын, адам туруктуу же убактылуу болгон жерлердеги аба чөйрөсү адамга зыяндуу таасир тийгизбөөгө жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.

2. Калктуу конуштардагы атмосфералык абанын, адам туруктуу же убактылуу болуучу жерлердеги абанын булганышын болтурбоо жана азайтуу боюнча чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-61)
