# 6-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү негизги принциптер

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 6-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-6

---

Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү негизги принциптер:

1) адамдын ден соолугун өмүр бою чыңдоо жана сактоо;

2) жарандардын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү укуктарын сактоо жана ушул укуктар менен байланышкан мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу;

3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө басмырлоого жана стигматизациялоого жол бербөө;

4) коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү жана алардын сапаттуулугун камсыз кылуу;

5) коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө баш тартууга жол берилбестик;

6) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуунун артыкчылыгы;

7) дарыгерлик сырды сактоо;

8) коомдун саламаттыгын сактоо системасынын ачык-айкындуулугу, натыйжалуулугу жана отчеттуулугу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-7)
