# 57-берене. Тамак-аш азыктарынын жана калктын тамактануусунун коопсуздугу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=39976..40248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 57-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-57

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, тамак-аш кошулмаларын, азык-түлүк чийки заттарын жана алар менен байланышта болгон материалдарды жана буюмдарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана алып келүү адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизбеши керек жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.

2. Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын коомдук тамактанууну уюштуруусу адамдардын ден соолугу үчүн коопсуз болууга жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.

3. Мектепке чейинки жана башка билим берүү уюмдарында, дарылоо-профилактикалык уюмдарында, ден соолукту чыңдоо уюмдарында жана социалдык коргоо уюмдарында тамактанууну уюштурууда, аскер кызматчылары үчүн тамак-аш менен камсыздаманын ченемдерин белгилөөдө, ошондой эле тергөө изоляторлорунда жүргөн же түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар үчүн тамак-аштын ченемдерин белгилөөдө адамдын ушул контингент үчүн иштелип чыккан жана бекитилген тамактануусунун илимий негизделген, сунушталган физиологиялык ченемдери сакталууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-58)
