# 55-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 245 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377#diff=39976..40248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 55-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-55

---

Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жазма буйруктарынын жана токтомдорунун аткарылышын контролдоо;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролдоо;

3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды бузууларга бөгөт коюу чаралары, бузуу фактылары жөнүндө жазма буйруктарды берүү жана токтом чыгаруу, ошондой эле аларды жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу;

4) калктын саламаттыгынын, жашоо чөйрөсүнүн абалын, санитардык-эпидемиологиялык жагдайды контролдоо;

5) жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу оорулардын (уулануулардын) келип чыгышынын жана таркап кетүүсүнын себептерин аныктоого жана шарттарын табууга багытталган санитардык-эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү;

6) санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуу) иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;

7) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин мамлекеттик деңгээлде камсыз кылуу чөйрөсүндө статистикалык байкоо жүргүзүү, мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү максатында жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун зыяндуу таасирине байланыштуу жугуштуу ооруларды, кесиптик ооруларды, жугуштуу эмес ооруларды, массалык ууланууларды мамлекеттик эсепке алуу.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-56)
