# 54-берене. адамдарга жаныбарлардан жугуучу ооруларга каршы ветеринардык-санитардык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 54-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-54

---

1. Адамдарга жаныбарлардан жугуучу ооруларга каршы ветеринардык-санитардык чаралар жана эпизоотияга каршы иш-чаралар ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Калктуу конушта ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык өзгөчө кооптуу оорулардан өлгөн жаныбарлардын тарптарын, ошондой эле алардын этин жана башка продуктуларды жок кылуу/утилдештирүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын орун жабдылат.

3. Ветеринардык-санитардык талаптарды, ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы үчүн жаныбарлардын жана ветеринардык көзөмөлдөө жана контролдоо объекттеринин ээлери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-55)
