# 50-берене. Каттоо жана эсепке алуу

- Документ: [10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № "10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5301/edition/3727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002377/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө, 50-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-50

---

1. Кургак учуктун бардык индекстик учурлары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте санариптик технологиялардын негизинде милдеттүү мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жаза аткаруу системасынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кармалган же эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн адамдардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарына жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарына төмөнкүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү:

1) кургак учук менен ооруп калган ар бир алгачкы табылган учур жөнүндө;

2) жазык-түзөтүү системасынан бошотулуп жаткан, кургак учук менен ооруп калган адамдар жөнүндө;

3) кургак учуктан каза болгон адамдар жөнүндө.

3. Жаза аткаруу системасынын администрациясы бошотуу жөнүндө маалымкаттарда жазасын өтөп бүткөн адамдардын кургак учук менен ооруй тургандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.

§ 5. АИВнин алдын алуу

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377/st-51)
